Оор эпилепсия менен ооруган 13 жаштагы Оран Ноулсон дүйнөдөгү жаңы нейростимуляторду - талманы көзөмөлдөө үчүн баш сөөккө имплантацияланган аппаратты сынаган биринчи бейтап болуп калды. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет.
Аппарат жөнөткөн сигналдар мээге терең кирет, мунун натыйжасында өспүрүмдүн күндүзгү талмаларынын жыштыгы беш эсеге кыскарган.
Клиникалык сыноонун алкагындагы операция былтыр октябрь айында Лондондогу балдар ооруканасында жасалган.
Орандын дарылоо CADET долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул катуу эпилепсия менен ооруган бейтаптарда мээнин терең стимуляциясынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун баалоого арналган изилдөөлөрдүн сериясы.
Клиникалык сыноо Грейт-Ормонд-стрит ооруканасында Лондон университетинин жана Оксфорд университетинин окумуштууларынын тобу менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Операция учурунда хирург электроддорду өтө тактык менен орнотууга тийиш болгон.
Жаңы аппаратты британиялык Amber Therapeutics компаниясы иштеп чыкты.
Мээнин терең стимуляциялоонун техникасы жаңы эмес, ал буга чейин балдар эпилепсиясын дарылоо үчүн колдонулган, бирок электрод зымдары көкүрөккө орнотулуп келген.
Оранга аппарат тоскоодук деле жаратпайт, көп учурда ал жөнүндө унутуп деле калат.
Азыр Оран ат минүү боюнча сабактарга катышып жатат аны жакшы көрөт.
Клиникалык сыноонун алкагында мээни терең стимуляциялоочу аппарат ушундай эле сейрек кездешүүчү синдромдон жапа чеккен дагы үч балага орнотулат.