Ссылки доступа

Дагестанда мобилизацияга каршы акцияларда 90 киши кармалды


Дагестанда мобилизацияга каршы митингдер кайра жанданып, 90дой киши кармалды: алардын 70и Махачкаладан, калганы Хасавюрттан экенин кабарлады.

"Кавказ.Реалии" билдиргендей, Махачкалада жүздөгөн кишилер көчөлөргө чыгышты. Нааразылыктын катышуучулары менен полициячылардын ортосунда жапырт башаламандык катталды.

Кийинчерээк полиция жана Росгвардия өкүлдөрү Ленин атындагы аянтты курчап, нааразылыкты видеого түшүргөн жаштарды кармап, телефондорун текшеришти.

Хасавюрттагы митингге эки жүздөй киши келди. Полиция аларга күч колдонуп, демонстранттар каршылык көрсөтүштү. Полиция бөлүмүнө жеткирилгендердин арасында "Новое дело" басылмасынын журналисти Идрис Юсупов менен RusNews басылмасынын башкы редактору Сергей Айнбиндер да бар. Айнбиндер кармоо учурунда аны токмоктоп, техникасын тартып алышканын билдирди.

Нааразылык акциясы Нальчик шаарында да болду. Митингчилерге жергиликтүү чиновниктер жолугушту. Алар респубилкадан канча киши Украинадагы согушка тартылары жөнүндө суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

25-сентябрда Махачкалада мобилизацияга каршы митингдер өтүп, ага көптөгөн аялдар катышкан. 120га жакын киши кармалып, сегиз адамга кылмыш иши козголгон.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Анын буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

XS
SM
MD
LG