Бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары Азим Турсунзода 7-августтагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аныкталган факты боюнча иликтөө иштери уланып жатканын билдирди.
«Ооба, туура айтасыз. Айрым маселелер бар эле. Кээ бир бажы кызматкерлери туура эмес иш-аракеттерге барышкан. Аларга козголгон иш боюнча тергөө уланууда. Чоо-жайы кийинчерээк белгилүү болот», - деди ал.
Бирок ал канча кызматкер кармалганын жана алар кимдер экенин ачыктаган жок.
Тажикстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, уюлдук телефондор менен планшеттердин IMEI каттоосу өлкөдө 2023-жылдын 1-октябрынан тарта милдеттүү болуп саналат. Ошондон бери IMEI каттоонун түшүнүксүз алгоритми жөнүндө көптөгөн даттануулар түшө баштады.
Тажикстанда мобилдик аппаратты ташып келүүдө жарандар 15 пайызы кошумча нарк салыгы жана 10 доллар бажы алымын төлөшөт. Колдонуучу IMEI каттоо үчүн "Net Solutions" жеке компаниясына дагы 50 сомони төлөшү керек. Бийлик бул компаниянын кимге таандык экенин ачыктай элек.