Атайын кызмат журналист АКШнын тапшырмасы менен Орусиядагы аскердик-өндүрүштүк комплекстердин биринде маалымат чогултуу менен алектенген деп эсептейт.
30-мартта алты жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн журналист Екатеринбургда "Вагнер" аскердик компаниясы жөнүндө материал жасап жүргөндө дайынсыз жоголгону кабарланган. 29-март күнү кечинде Bukowski Grill ресторанында Гершковичке окшош кишини башын свитер менен чулгап кармап кетишкен.
Гершкович мурда Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында да иштеген. The Wall Street Journal журналисттин акыркы макаласын 28-мартта жарыялаган.
Журналист айыптуу деп табылса, 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.