Ссылки доступа

Ереванда Internews фондунун мурдагы директору Манана Асламазян каза болду


Манана Асламазян (архив сүрөт)
Манана Асламазян (архив сүрөт)

Ереванда Internews фондунун мурдагы башкы директору, ТЭФИ сыйлыгынын лауреаты Манана Асламазян каза болду. Бул тууралуу журналист Виктор Мучник "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Бүгүн Ереванда Манана Асламазян каза болду. Аны автоунаа сүзүп кетти. Биз 30 жылдан бери достошуп келгенбиз... Бүгүн кечинде жолугушубуз керек эле. Көрүшпөй калдык. Телефон чалып байланыша албай койдук, ал мындай кылчу эмес. Издеп жөнөдүк. Реанимацияда өмүрүн сактап кала алышпаганын айтышты", – деп жазды Мучник.

Манана Асламазян 1952-жылы 10-январда Ереванда төрөлгөн.

Орусияда ал башкы кеңсеси АКШда жайгашкан Internews International ассоциациясынын курамына кирген Internews фондун жетектеп, көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо менен алектенген.

Асламазян — 2002-жылы "Орусиянын медиаменеджери" сыйлыгынын "Медиабизнестин өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн" деген атайын номинациясынын лауреаты болгон. Мындан тышкары ал аймактык телеберүүлөргө кадрларды даярдаганы үчүн Орусиянын телеберүү академиясынын "Орус телеберүүсүнүн өнүгүүсүнө кошкош жеке салымы үчүн" деген атайын сыйлыгын алган.

2002-жылы Асламазян Улуттук телерадиоберүү ассоциациясына кабыл алынып, бирок беш жылдан кийин валюта аткезчилигине байланыштуу козголгон кылмыш ишинен улам анын курамынанкайра чыгарылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Орусияга Франциядан уруксат берилген 10 миң доллардын ордуна 9,5 миң доллар алып келген. Асламазян анда валюталардын курсундагы айырмачылыкты эске албай калганын айткан. Бул окуядан кийин ал Орусиядан чыгып кетип, Internews'тун Орусиядагы өкүлчүлүгү жабылып калган.

Асламазянды колдоп 1,2 миң орусиялык журналист ачык кат жазган. 2008-жылы Конституциялык соттун чечими менен ага каршы козголгон кылмыш иши административдик ишке өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG