Ссылки доступа

ЕБ орус мунайына толук эмбарго киргизүү боюнча мунаса таба элек


Европа биримдигине мүчө өлкөлөр уюмдун 30-майда баштала турган саммитинин алдында орус мунайына толук эмбарго киргизүү боюнча макулдашууга жетише алган жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Ошол эле маалда басылма ЕБ чиновниктеринин бирине шилтеме кылып, бул маселе боюнча дүйшөмбү күнү эртең менен да талкууну улантуу пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Евробиримдик өлкөлөрү мунасага келүүгө аракет кылып жаткан макулдашууда жыл аягына чейин орус мунайын деңиз аркылуу алууга тыюу салуу каралууда. Ошол эле маалда Венгрияны, Словакияны жана Чехияны мунай менен камсыз кылып келген "Дружба" куруу аркылуу жеткирүүлөрдү мурдагыдай калтыруу сунушталууда.

Жекшемби күнү эртең менен Bloomberg жана Politico агенттиктери Евробиримдик 30-майда башталып жаткан саммит алдында орус мунайына толук эмбарго киргизүүнүн ордуна альтернативдүү сунуш иштеп чыкканын кабарлашкан.

Евробиримдик бир айдан бери Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө байланыштуу Москвага каршы санкциялардын 6-пакети боюнча мунаса таба албай келүүдө. Буга негизинен Будапешттин позициясы жол бербей жатат. Венгрия орус мунайын албаса, экономикасы катуу жабыркарын айтып, эмбаргого каршы болууда.

XS
SM
MD
LG