Ссылки доступа

Евлах шаарында Баку менен Карабактагы армяндардын делегациялары жолугууда


Азербайжандын Евлах шаарына азери бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуушуу үчүн Тоолуу Карабактагы армяндардын делегациясы барды.

Азербайжандын Trend агенттигинин маалыматына караганда, армян делегациясын орусиялык аскерлер коштоп барышкан.

Буга чейин жолугушууда Карабактагы армян коомчулугун кайра интеграциялоо боюнча "азери тараптын сунуштары", ошондой эле Тоолуу Карабактын тургундарынын жашоосун Азербайжандын Конституциясынын алкагында камсыз кылуу маселелери талкууланары кабарланган.

Бул келечекте мурдагы советтик Тоолуу Карабак облусунун аймагы толугу менен Бакунун көзөмөлүнө өтөт дегенди билдириши мүмкүн.

Тараптардын жолугушуусу тууралуу кечээ, жикчил Тоолуу Карабактын өкүлдөрү ок атууну токтотуп, азери тараптын талаптарына макулдук бергенден кийин кабарланган.

РБК басылмасынын маалыматына караганда, Азербайжан гуманитардык коридорду ачканга чейин Бакуга өткөрүлүп берилиши керек болгон адамдардын тизмесин Тоолуу Карабактын бийлигине жөнөткөн. Hraparak армян гезити өз булактарына таянып, алардын арасында жикчил аймактын мурдагы жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик жана аскердик ишмерлер бар экенин жазды.

Ал арада Армениянын баш калаасы Ереванда өкмөттүн Тоолуу Карабакта азери армиясына каршылык көрсөтүүдөн баш тартуу чечимине каршы нааразылык акциялар уланууда.

19-сентябрда Азербайжан армиясы Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган. Баку муну "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деп түшүндүргөн.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын лидерлери 20-сентябрда ок атууну токтотконун жана Бакунун талаптарын аткарууга макул экенин билдиришкен.

Армениянын бийлиги ал аймакта аскерлери жоктугун айткан.

Кремлдин Карабактагы окуялар боюнча билдирүүсүндө "де-юре кеп Азербайжандын өз аймагындагы аракеттери жөнүндө болуп жатканы" жазылган. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва эч кандай аракет көрбөгөнү тууралуу Еревандын айыптоосун негизсиз деп атады.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРнин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү "Тоолуу Карабак Жумурияты" деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районун кайтарып алган. Бул окуядан кийин аймакка Орусиянын бейпилдик орнотуу күчтөрү жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG