Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ок 800гө жакын окуучу билим алган жана 90го чукул адам иштеген Виертол мектебинде атылган.
Полиция шектүү кармалганын, ал 13 жашта экенин билдирди. "Би-Би-Си" жаракат алып, ооруканага жеткирилген окуучулар да 13 жашта экенин жазды.
Мектептин директору учурда эч кандай коркунуч жок экенин айтып, окуя боюнча башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Вантаа – чоңдугу боюнча Финляндиянын төртүнчү шаары болуп эсептелет. Калаада 240 миңге жакын киши жашайт.