Ссылки доступа

Грузияда миңдеген кишинин катышуусунда Евроинтеграцияны колдогон митинг өттү


Грузиянын борбору Тбилиси шаарында 20-июнда Европа Биримдигине (ЕБ) кирүүнү колдогон он миңдеген адам акцияга чыкты. Парламенттин имаратынын алдындагы тынч жыйынды оппозициядагы партияларга жакын деп эсептелген "Сирцхвилия" өкмөттүк эмес уюму уюштурду.

Анда Грузиянын евроинтеграциясынан башка ураандарды, сөздөрдү айтууга тыюу салынды.

17-июнда Европа комиссиясы Украинага Еврошаркеттин мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү сунушун Европа Кеңешине жөнөткөн. Анда Еврокомиссия соттордун эркиндиги өңдүү бир катар талаптарды аткарганга чейин Грузияга макам берүүнү жактаган эмес. Буга чейин комиссия Украинадан сырткары Грузия менен Молдованы да сунуштайт деп кабарланып жаткан.

Ушул жылдын башында, 28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова да кайрылган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG