Ссылки доступа

Харьковдо жатакананы аткылоо учурунда жети киши набыт болду


Харьков (иллюстрациялык сүрөт)
Харьков (иллюстрациялык сүрөт)

Харьковдун Салатов району кайрадан аткыланып, ракета эл жашаган көп кабаттуу үйдүн жанына түшкөндөн кийин өрт башталды. Жети киши набыт болуп, жараат алгандардын саны 17ге жетти. Бул тууралуу шаардын мэри Игорь Терехов билдирди. Өлгөндөрдүн арасында 11 жаштагы бала да бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Телеграмга" аткыланган имарат жатакана болгонун билдирди. Зеленский чабуулду "эки жүздүүлүк жана уятсыздык менен жарандык объеткилерге кол салуу" деп атады.

Таң эрте Харьковго бир нече жолу ракетадан сокку болгону кабарланууда. Шаардын мэри бери дегенде беш жолу ракета атылганын билдирди.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов алардын бири Слободский районундагы жатаканага тийгенин кабарлады. Алдын ала маалымат боюнча соккудан бир адам каза болуп, 18 киши жараат алды. Анын ичинде экөө балдар.

Холодногорский районунда аткылоодон кийин ири өрт башталды.

Бул арада Днепропетровский облусунун Криворожский жана Никопольский райондору да чабуулга кабылды. Никополдо 15 жеке турак үй, мектеп, бир нече газ кууру жана элекр линиялары зыянга учурады.

Орусиянын Коргоо министрлиги сокку боюнча комментарий бере элек.

Согуш шартында бул маалыматтарды ыкчам текшерүү мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG