Ссылки доступа

Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасы жарылып, тургундар эвакуацияланууда


Кахов ГЭСинин плотинасы (спутниктен тартылган сүрөт). 5-июнь 2023-жыл
Кахов ГЭСинин плотинасы (спутниктен тартылган сүрөт). 5-июнь 2023-жыл

Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийинки суу каптоодон улам Украинанын Херсон облусунда тургундар эвакуацияланууда.

Киев Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырууга Москваны айыптады. Украинанын президенттик кеңсесинин өкүлү Дарья Заривна жардыруунун максаты – украин тараптын контрчабуулун үзгүлтүккө учуратуу болгонун билдирди.

Украинанын Атомдук энергетика боюнча агенттиги Каховдогу дамбанын жардырылышы Европадагы ири деп эсептелген Запорожье АЭСине коркунуч жаратышы ыктымал экенин эскертти. Аталган электрстанция Каховка ГЭСинин суусун колдонот.

"Кахов ГЭСнин плотинасынын бузулушу аларды (орусиялыктарды) Украинанын бардык бурчунан кууш керек дегенди билдирет. Аларга террор үчүн бир дагы метр жерди калтырбаш керек. Украинанын жеңиши гана коопсуздукту кайтарып берет. Бул жеңиш келет. Террорчулар Украинаны суу, ракета же башка нерсе менен токтото албасын билиши керек", - деп жазды Зеленский "Твиттерге".

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Украинанын Башкы прокуртурасы дамбанын жарылуусу фактысы боюнча тергөө иштерин баштады.

Өз кезегинде Херсон облусунун Орусия аннексиялап алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, жардыруу үчүн украин тарапты айыптады.

Кахов шаарынын Москва дайындаган мэри Владимир Леонтьев дамба украин тараптын соккуларынан улам жабыркаганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын суу менен толук камсыздайт.

XS
SM
MD
LG