Эми Ниязованы мекенине экстрадиция кылуу чечимин Хорватия соту кабыл алышы керек.
Түркмөнстанда Ниязова 2002-жылы өлкөнүн Борбордук банкына таандык 40 миллион долларды кымырып алган деп айыпталууда. Pussy Riot'тын мүчөлөрү бул айыптоо ойдон чыгарылганын билдирүүдө. Алардын айтымында, кылмыш иши саясий негиздер менен козголгон, анткени Ниязвованын атасы кезинде оппозицияда жүрүп, түрмөдө каза болгон.
Түркмөн активисти Riot Days деп аталган согушка каршы өнөктүккө катышып жүргөн. Ал өткөн жумада Словенияда кармалып, 10 сааттан кийин кайра бошотулган. Андан соң Хорватияга кирип баратканда чек арада кармалган.