Ссылки доступа

Кабулда Ооганстан парламентинин экс-депутатын атып кетишти


Мурсал Набизада

Кабулда ооган парламентинин мурдагы депутаты Мурсал Набизаданы өз үйүндө атып кетишти. Ал 2021-жылы августта бийликке талибдер келгенден кийин өлкөдөн чыгып кетпеген аз эмес ооган саясатчыларынын бири болгон.

32 жаштагы Набизада талибдер кабыл алган жаңы мыйзамдарга ачык каршы пикирин айтып келген. Ал аялдар менен кыздардын билим алуусуна салынган тыюуну жана башка адам укуктары бузулган учурларды сындаган.

Кабул полициясынын маалыматына караганда, 15-январдагы кол салууда Мурсал Набидзада менен бирге анын жан сакчысы да өлтүрүлгөн.

Эл аралык коомчулук бул окуяны айыптоодо. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

2021-жылдын жайында бийликке келген талибдер аялдардын укуктарын тебелеп, катуу чектөөлөрдү киргизип келе жатышат.

Алар кыздардын орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуусуна тыюу салган. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешин чектеген.

Талибдердин кысымына, коркутууларына, күч колдонуусуна карабай оогандык кыз-келиндер укуктарын коргоп нааразылык акцияларын утур-утур өткөрүп келишет.

Видео

XS
SM
MD
LG