Ссылки доступа

Тоолуу Карабакка дароо эки каттам аркылуу гуманитардык жүк жеткирилди


Дүйшөмбү күнү жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт (Ханкенди) шаарына Эл аралык кызыл чырым уюмунун гуманитардык жүк жүктөлгөн автоунаалары барды. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев билдирди.

Анын айтымында, жүк унаалары дароо эки каттам боюнча – Азербайжан тараптан Агдам, Армения тараптан Лачин коридору аркылуу өткөн. Гажиев белгилегендей, автоунаалардын Лачин коридору аркылуу өтүшү – ал жерде эч кандай блокаданын жоктугунун далили болуп калды.

Армян ЖМКлары Армениядан Степанакертке 23 тонна ун жеткирилгенин ырасташты. Мындан тышкары Агдам каттамы аркылуу Тоолуу Карабакка Орусиянын жана Швейцариянын өндүрүшүндөгү медициналык жана гигиеналык каражаттар жеткирилген.

Буга чейин жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги дароо эки коридор аркылуу жүк жеткирүүгө макул болуп, мындай чечим аймакта гуманитардык каатчылык күчөп кеткенден улам кабыл алынганын билдиришкен. Мурдараак алар Азербайжандан Лачин коридорун ачууну талап кылып, Агдам каттамы аркылуу жүк алуудан баш тартып жатышкан.

Азери бийлиги быйыл 11-июлда Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтоткон. Баку буга Эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташылып жатканын жүйө келтирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык коридор. Аны 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинде аталган коридорго Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG