Ссылки доступа

Казакстанда Түркиядагы зилзаладан кийин үйлөрдү камсыздандыруу жанданды (видео)


В Казахстане вырос интерес к страхованию недвижимости после землетрясения в Турции
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин Казакстанда кыймылсыз мүлкүн камсыздандырууга кызыккандар көбөйүүдө.

Камсыздандыруу боюнча келишим түзгөндөр өзгөчө Алматы шаарында көбөйдү. Камсыздандыруу компанияларына кайрылгандардын көбүн көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары түзүүдө.

Ошол эле маалда камсыздандыруу келишимдери бардык эле казакстандыктар менен түзүлгөн жок. Камсыздандыруучулар алгач эле 1968-жылга чейин курулган үйлөрдү камсыздандыруудан баш тартып жатышат. Адистер бул үйлөр ортозар жер титирөөгө да туруштук берерине кепилдик бере алышпайт. Алматыда 50 жыл мурун курулган үйлөрдөн турган кичирайондор да бар: андагы 1700дөй үй расмий түрдө авариялык деп табылса да ал жерлерде кишилер жашап жатышат.

Экоактивист жана маслихаттын жаңы депутаты Тимур Елеусизов шаарда турак жайлардын башаламан курулушун көптөн бери сындап келет. Ал өз үйүн камсыздандырган жана Алматыда тамы бар башка адамдарды да камсыздандырууга чакырууда.

Тимур Алматыдагы жеке сектордун жашоочулары, өзгөчө тоо этегинде тургандар да коркунучта экенин белгилейт.

"Жогору жакта 20 метр жантайынкы жерлерге үйлөрдү куруп жатышат. Алар жер кыймылына туруштук бербеген таянычтарды курууда. Таунхаустарды салып, элдерге сатуу менен алар мындайча айтканда мүрзөлөрдү сатып жатышат", - деди активист.

Казакстандагы камсыздандыруучу компаниялар эгер Түркиядагы жер титирөөгө чейин күнүнө бир кардар араң чалса, азыр суткасына 15 чалуу болуп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG