Ссылки доступа

Казакстанда жеке компаниялар маянаны индексациялоого милдеттендирилиши мүмкүн


Казакстанда 2020-жылдан тарта бардык бюджеттик жана социалдык уюмдар жыл сайын маянаны инфляциянын деңгээлдинде көтөрүүгө милдеттендирилген.

Өлкөнүн Эмгек министрлиги жыл сайын өсүш 25-30% түзүп жатканын айтууда. Эми аткаминерлер жеке компаниялар да ушундай эле кадамга барып, маянаны индексациялоосу керек деп эсептешет.

Азыркы Эмгек кодексинде жеке иш берүүчү мүмкүнчүлүгү болсо, кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө укуктуу экени, бирок канча пайызга көбөйтүүнү өзү чечери айтылат. Сенат депутаттары кодекстен бул пункту алып салууга убакыт жетти деп эсептешет. Эгер бул сунуш кабыл алынса, анда бардык жеке компаниялар бюджеттик мекемелер сыяктуу кызматкерлеринин маянасын инфляцияга жараша теңдөөгө милдеттүү болот. Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги сенаторлордун демилгесин колдоду.

Казакстанда жеке компаниялардын кызматкерлери көп жылдардан бери маянанын жогорулатууну талап кылып келишет. Айлык акыны жогорулатуу талабы менен иш таштоо уюштургандар да бар.

Ошол эле маалда каржы талдоочулары бул демилге терс кесепетин да тийгизиши мүмкүн экенин айтышат. Алардын билдиришинче, жеке компаниялар маянаны инфляцияга жараша теңдөөгө милдеттендирилсе, бул экономикадагы көмүскө сектордун жандануусуна жана маянаны “конвертте” төлөөгө жана гиперинфляцияга алып келиши ыктымал.

Бул арада Казакстанда азык-түлүк товарларынын баасы кымбаттап, инфляция өсүп жатат.

XS
SM
MD
LG