Ссылки доступа

Казакстанда Кызыл китепке кирген 15 тюлендин өлүгү табылды


Каспий деңизинин Казакстанга таандык жээгинде Кызыл китепке киргизилген 15 тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Экология министрлигинин балык чарба комитети билдирди.

Жаныбарлардын кырылышы боюнча полиция кылмыш ишин козгоду. Адистер суунун жана абанын үлгүсүн алышты. Өлүктөр чирип кеткендиктен гистологиялык үлгү алууга мүмкүн болгон жок.

Мурда Каспий деңизинин жээгинен миңдеген өлгөн тюлендер табылган. Былтыр декабрда Дагестанда 2,5 миң, кийинчерээк дагы жүзгө жакын тарп табылган. “Росприроднадзор” жаныбарлар “жаратылыш газынан улам тумчуккан” деген бүтүм чыгарган. Көз карандысыз экологдор жаныбарлар саркынды суулардын деңизге кошулушунан жана аскердик машыгуулардын көбөйүшүнөн улам кырылып жатат деп эсептешет.

2022-жылы сейрек жаныбарлардын өлүмгө дуушар болгонун казакстандык адистер да билдирген. Алардын эсебинде бир жылда 200дөй тюлендин өлүгү табылган.

Бир кылымда Каспийдеги тюлендердин саны 90% азайды. 2008-жылы Табиятты коргоо эл аралык биримдиги аларды жок болуу коркунучуна туш болгон жаныбарлардын тизмесине киргизген. 2020-жылы тюлендер Орусиянын жана Казакстандын Кызыл китептерине кирген.

Видео

XS
SM
MD
LG