Ссылки доступа

Казакстанда Биринчи президенттин күнү майрамдардын тизмесинен чыгарылды (видео)


Как парламент Казахстана отнял у Дня Назарбаева статус государственного праздника
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

7-сентябрда Казакстандын Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары "Майрамдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Ага ылайык, 1-декабрда белгиленип келген Биринчи президенттин күнү майрамдардын тизмесинен чыгарылды.

Биринчи президенттин күнү эми "коомдук маанидеги дата" катары калат. Мындан тышкары парламенттин жыйынында 25-октябрь - Республика күнү калыбына келтирилип, ага улуттук майрам макамы берилди. Ал эми 16-декабрь - Эгемендик майрамы болуп калды.

2011-жылдын 10-декабрында парламент "Майрамдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, 1-декабрды Биринчи президенттин күнү деп бекиткен. Депутаттар мындай чечимди өлкөнүн ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин "мамлекетке кылган кызматын көрсөтүү үчүн" кабыл алышканын айтышкан.

Талдоочулар 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуясынан кийин экс-президент Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Бул башаламандыктардан кийин ал Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

XS
SM
MD
LG