Ссылки доступа

Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен "Хакер" журналынын мурдагы башкы редактору кармалды


Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен Орусиянын жараны, "Хакер"  журналынын мурдагы башкы редактору жана F.A.C.C.T. компаниясынын топ-менеджери Никита Кислицын кармалды.

Кислицын 22-июнда кармалган, бирок орусиялык маалымат каражаттары бул туууралуу 28-июнда гана жазып чыгышты. F.A.C.C.T. казак бийлиги АКШга экстрадициялоонун негиздерин изилдеп жатканын белгиледи.

Компания Кислицынга коюлган дооматтар 10 жыл мурдагы окуяларга байланыштуу экенин жана Казакстанда аны камоого мыйзамдуу негиздер жок экенин тактады.

Орусиянын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандан Кислицынды Вашингтонго тез арада экстрадициялоодон баш тартууну суранды.

Орусияда Кислицын маалыматты мыйзамсыз алуу фактысы боюнча сыртынан камакка алынган.

2014-жылы АКШнын Юстиция министрлиги Никита Кислицинди 2012-жылы Formspring соцтармагынан уурдалган маалыматтарды сатуу боюнча кутум уюштурган деп айыптаган. Айыптар 2020-жылы ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG