Ссылки доступа

Казакстанда Орусияда издөөгө алынган анархист Денис Козак кармалды


Казакстанда полиция Орусияда издөөгө алынган анархист Денис Козакты кармады. Мекенинде ал соцтармактарда терроризмди актаган комментарийи үчүн айыпталууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Денис Козак 9-февралда Алматыда кармалган. Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу Козакка адвокат жөнөткөнүн билдирди. Орусияда ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Козакка кылмыш иши козголгону былтыр июнда кабарланган. “Кавказ.Реалии” кабарлагандай, Денис Казак 2018-жылы ФСБнын Архангельск облусундагы имаратынын алдында өзүн жардырып жиберген студент Михаил Жлобицкий тууралуу соцтармактарга пост жазган. Мындан соң ага “терроризмди актоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Козак маалымат каражаттарына берген маегинде соцтармактардагы комментарийинде Жлобицкийдин аракетин актабаганын айткан.

XS
SM
MD
LG