Ссылки доступа

Кытайда COVID-19дан өлгөндөр көбөйүп, крематорийлер толуп калды


Кытайда COVID-19дун жапырт жайылуусунан улам каза болгондордун саны өсүп, крематорийлер сөөктөргө толуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кытайлык сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянып кабарлады.

Бээжиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылууда.

Bloomberg агенттиги акыркы убакта Кытайда сөөктөрдү көмүскө кремациялоо бизнеси көбөйгөнүн белгиледи. "Эгер мурда кызмат үчүн бир нече миң юань төлөнсө, оорудан өлгөндөр көбөйгөндө ал он миңдеген юанга өстү. Айрым жерлерде кызмат үчүн 88 миң юанга чейин төлөнүүдө", – деп жазды басылма.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам декабрдын аягында Италия, АКШ, Жапония, Индия жана Малайзия өңдүү бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өткөн. Ага чейин катаал карантиндик шарттарга каршы нааразылыктардан улам кытай өкмөтү ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жуктуруп алганын жазган.

XS
SM
MD
LG