Ссылки доступа

Крымда жарылуудан кийин буудай ташыган поезд рельстен чыгып кетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Симферополь районунда буудай ташып бараткан поезддин вагондору рельстен чыгып, Симферополь — Севастополь шаарларынын ортосундагы темир жол кыймылы токтоду. Бул тууралуу Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов өзүнүн Телеграм-каналына жазды.

Анын айтымында, вагондордун рельстен чыгып кетүүсүнөн эч ким жабыркаган эмес. Ошол эле маалда ал кырсыкка эмне себеп болгонун да билдирген жок.

Крымдын темир жол компаниясы жүк ташыган поезддин рельстен чыгып кетишине "сырттан кийлигишүү" себеп болгонун билдирди.

"База" Телеграм-каналы булактарды көргөзбөстөн Симферополь районунда бейшембиде эртең менен темир жолдо жарылуу болгонун, натыйжада буудай жүктөлгөн сегиз вагон рельстен чыгып кеткенин, бир нечеси аңтарылганын жазган. Кийинчерек "РИА Новости" чукул кырдаалдар кызматындагы булактарына таянып, жолдон чыккан вагондор тууралуу маалымат таратты.

"112" Телеграм-каналы жарылуу Чистенькое деген айылга жакын жерде болгонун кабарлады.

Майдын башында Украина менен чектеш Орусиянын Брянск облусунда эки товардык поезд рельстен чыгып кеткен. Жергиликтүү бийлик анын себебин диверсия деп атаган.

"Свобода" радиосу The Insider басылмасына шилтеме кылып, Украинага басып киргенден бери Орусиянын темир жолдорунда кырсыктар көбөйгөнүн жазды.

Украина бул аракетти согушка каршы чыккан орусиялык партизандардын колунан келген иш деп, диверсиялар үчүн жоопкерчиликти өзүнө расмий алган эмес.

XS
SM
MD
LG