Ссылки доступа

Тажикстан: Кулябда аймактагы жалгыз көз карандысыз гезиттин башкы редактору кармалды


Ахмад Иброхим
Ахмад Иброхим

Тажикстандын Хатлон облусунда белгилүү журналист жана аймактагы жалгыз көз карандысыз гезит эсептелген "Пайк" басылмасынын башкы редактору Ахмад Иброхим кармалды.

"Озоди" радиосу укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып, журналист 12-августта өзүнүн Куляб шаарындагы иш ордунда кармалып, ошондон бери камакта отурганын кабарлады.

«Ал мамлекеттик кызматкерге пара берген деп айыпталууда. Куляб шаардык прокуратурасы ага "Пара берүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду», - деп билдирген булак.

Анын айтымында, Иброхим мамкызматкерге гезитинин каттоосун узартуу үчүн пара сунуштаган.

Кийин журналистке "Кылмыш жасоого аракет кылуу" беренеси боюнча дагы бир айып тагылганы кабарланды. Тажик мыйзамдарында бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн айып пул төлөтүү же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тажикстандын расмий органдары журналисттин кармалганы боюнча маалымат берген жок. Ахмад Иброхимдин жакындары бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ахмад Иброхим 62 жашта. "Пайк" гезити ачылган 2012-жылдан бери ал сын макалалары үчүн жергиликтүү бийлик менен соттошуп, каржылык кыйынчылыктардан улам чыкпай калган да учурлары болгон.

2014-жылы облустук прокуратуранын чечими менен гезиттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Мекеменин билдирүүсүндө "Пайк" каттоо мөөнөтүн өз учурунда узартай, беш ай мыйзамсыз чыгарылып турганы жазылган. Анда прокуратура редакцияга 400 сомони өлчөмүндө айып пул салган.

XS
SM
MD
LG