Ссылки доступа

Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды


Аскар Акаев
Аскар Акаев

Мурдагы президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-январда билдирди.

"Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматовдун айтымында "Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен кыскарды".

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.

Саясат таануучу Айболот Айдосов "Настоящее Время" телеканалынын эфиринде Аскар Акаев кантип жана эмнеге Кыргызстанга келгенин айткан:

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

XS
SM
MD
LG