Документке ылайык, ырчыларга театр, кинозал, музей, клуб, китепкана жана спорттук мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салынды.
Буйрук бузулган учурда иш-чаранын уюштуруучулары, сахна ээлери жоопкерчиликке тартылат.
2021-жылы февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги концерттердин афишаларында жана билеттеринде "Жандуу үн" же "Фонограмма менен" деп милдеттүү жазуу жөнүндө буйрук чыгарган.
Министрлик муну угармандардын укугун сыйлоо, музыкалык исскуствону жана аткаруучулардын дараметин өнүктүрүү деп атаган.