Ссылки доступа

Парламент "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту


Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредиттөө комиссиясы "Азаттык Медиа" мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирип, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу үчүн журналисттер парламенттин маалымат кызматынан аккредитациялык ырастамаларды алат.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун "Демирбанктагы" эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "Азаттык Медианын" сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырды.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралат деп күтүлүүдө. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылды.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG