Ссылки доступа

Швейцарияда 40 өлкө Украина үчүн "Маршалл планын" талкуулоодо


Бүгүн Швейцариянын Лугано шаарында 40тан ашуун өлкөнүн делегациялары, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү Украинаны калыбына келтирүүнүн негизги принциптерин талкуулашат.

"Франс пресс" агенттиги маалымдагандай, кеп Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европаны калыбына келтирүү планына окшош "Маршалл планы" жөнүндө болуп жатат.

Швейцарияга Украинадан өкмөт башчы Денис Шмихаль менен тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба барды. Президент Владимир Зеленский форумга онлайн режимде кошулат. Конференцияга Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен да катышууда.

Украинаны калыбына келтирүүнү каржылоо үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы жаңы фонд түзөрү айтылууда. Фондго ЕБ жана башка өлкөлөрдөн 100 миллиард евро чогулушу мүмкүн.

Киев экономика мектебинин эсеби боюнча өлкөдө 45 млн чарчы метр аянт имарат, 256 ишкана, 656 медициналык мекеме жана 1177 окуу имараты талкаланган. Украина экономикасы 600 млрд доллар чыгым тарткан.

Май айынын аягында Украина президентинин кеңешчиси Олег Устенко Орусиянын чабуулунан өлкө экономикасы бир триллион доллар чыгым тартканын, анын 650 миллиарды түз чыгым экенин маалымдаган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG