Маалыматка караганда, Мары облусундагы мамлекеттик мекемелерде пахта теримге деп кызматкерлерден акча да чогултулуп жатат.
"Быйыл акча чогултуу 20-августта башталган. Ар бир мекеме пахта терүүгө күн сайын эң аз дегенде 15тен кызматкер жөнөтүп турушу керек. Мындан тышкары ар бир кызматкер жалданып иштей турган адамдарга 40 манаттан берүүгө милдеттүү", – деди кабарчы.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, сентябрдын башында мамлекеттик мекемелер пахта теримге жөнөтүшү керек болгон кызматкерлердин саны эки эсеге көбөйөт.
Маалыматка ылайык, Лебап облусунда мамкызматкерлер жалданма жумушчуларга деп 30 манаттан, Балкан облусунда 45 манаттан чогултууда.
Түркмөнстанда пахта терим расмий түрдө сентябрдын экинчи аптасында башталат. Бирок 1 миллион 250 миң тонна деп белгиленген бир жылдык пахта терүү планын аткаруу үчүн мамкызматкерлер жыл сайын талаага эрте чыгарылып келет.
Пахта өндүрүү боюнча дүйнөдөгү 10 ири өлкөнүн катарына кирген Түркмөнстандын өкмөтү пахта терим учурунда жарандарын, анын ичинде балдарды мажбурлап иштеткени үчүн көп жылдан бери сынга кабылып келет.