"Интерфакстын" өз булагы билдиргендей, кишилер имараттын жогору кабатында калып калган болушу мүмкүн. Өрт өчүрүүчүлөр борбордун 15 кызматкерин издеп жүрөт. Алар байланышка чыккан эмес. ТАССтын өз булагы билдиргендей, борбордун алтынчы, жетинчи кабатында жыйырмадай киши калып калган.
Имарат курулушунда синтетикалык материалдар көп пайдалангандыктан, өрт тез тарап кеткен.
Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз.