Күбөлөрдүн айтымында, күч түзүм кызматкерлери текшерүүнү кемсинтүүчү формада жүргүзгөн.
Мигранттар "Озоди" радиосуна жөнөткөн видеодо имараттын ичинде колдорун башына коюп, полдо көмкөрөсүнөн жаткан бир нече мигрантты көрүүгө болот. Кадр сыртындагы мигрант аялдардын бири "бардык тажик балдарды" кармашканын, арасында анын күйөөсү да бар экенин айткан.
Документтери жайында болгон мигранттар кое берилип, айрымдарын автозак менен белгисиз жакка алып кетишкени кабарланды.
Baza телеграм-каналынын маалыматына караганда, рейддин максаты - издөөдө жүргөн жана кылмышка шектүү адамдарды аныктоо болгон.
Орусияда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин күчөдү. Анда кылмышка шектүү катары Тажикстандын бир нече жараны кармалган.
Орусияда акыркы айларда мигранттарга каршы рейддерден тышкары миграция тармагындагы көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган бир нече мыйзам долбоорлору демилгенип, айрымдарын Мамлекеттик дума биринчи окууда кабыл алды. Алардын биринде полицияга мыйзамсыз жүргөн мигранттарды соттун чечимисиз эле өлкөдөн чыгаруу укугун берүү сунушталган.