Ссылки доступа

Тоолуу Карабакта жарым-жартылай мобилизация жарыяланды


Тынчтык орнотуучулар менен азери аскерлери. Тоолуу Карабак, 26-ноябрь 2020-жыл
Тынчтык орнотуучулар менен азери аскерлери. Тоолуу Карабак, 26-ноябрь 2020-жыл

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын башчысы Араик Арутюнян 3-августта жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Мындай чечим 3-августта аймактагы армян-азери жаңжалы курчуган маалда кабыл алынды. Жикчил аймактын бийлиги Азербайжандын учкучсуз учактарынын соккусунан эки аскер кызматкери өлүп, дагы бир нечеси жарадар болгонун билдирди.

Өз кезегинде Баку Лачин районунда армян тарап аткан октон бир жоокери каза болгонун кабарлады.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG