Ссылки доступа

Перуда нааразылык акцияларынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Перунун жаңы бийлиги өлкөдө президент Педро Кастилього импичмент жарыялангандан кийин башталган жапырт нааразылык акцияларынан улам 30 күндүк өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Мындан тышкары өкмөт түндө коменданттык саат киргизүүнү талкуулап жатат.

Перунун өкмөтү кабыл алган декретке ылайык, жарандар бир ай бою өлкөдө эркин чогула албайт. Полиция аскерлердин жардамы менен үйлөрдү уруксатсыз же соттун чечимисиз тинте алат.

Перунун коргоо министринин айтымында, бул чаралар тартип орнотууга, экономикалык ишмердүүлүктү жана миңдеген үй-бүлөлөрдү коргоого багытталган.

Перуда нааразылык акциялары өткөн аптада өлкөнүн парламенти президент Педро Кастилього импичмент жарыялагандан кийин башталган. Кастильо парламентти таркатууга аракет кылганда депутаттар анын өзүн отставкага кетирүүгө добуш беришкен. Азыр Кастильо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып менен камакта. Анын ордун мурдагы вице-президент Дина Болуарте айым ээледи.

Бийлик шайлоо 2023-жылдын декабрына дайындалышы мүмкүндүгүн билдирген.

Педро Кастильо 2021-жылдын июнунда Перунун президенти болуп шайланган. Ошондон бери Перу конгресси ага эки жолу импичмент жарыялоого аракет кылды – үчүнчү аракети гана ийгиликтүү болду.

XS
SM
MD
LG