Ссылки доступа

Петербург: Кафедеги жардыруудан аскердик блогер Владлен Татарский каза болду


Санкт-Петербург шаарындагы Street Food Bar кафесинде Владлен Татарский деген ысым менен белгилүү Z-блогер Максим Фоминдин чыгармачыл кечеси өтүп жатканда жардыруу болду.

Орус басылмалары жардыруудан Татарский каза болуп, дагы 16 киши жараат алганын кабарлашты.

ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме кылып, жардырууну уюштургандардын максаты – чыгармачыл кечесин өткөрүп жаткан Владлен Татарскийди өлтүрүү болгонун жазды. Маалыматка караганда, колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаждарды даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат. Орусиянын басылмалары Татарскийдин кечесине 100гө жакын киши катышып жатканы маалымдашты.

"Фонтанка" балсымасынын маалыматына караганда, Street Food Bar кафеси "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык. Дем алыш күндөрү ал кафеде "Кибер Z фронт" аттуу талкуу клубу чогулуп келген.

XS
SM
MD
LG