Ссылки доступа

Түркиянын зилзаладан жабыркаган аймактарында үч айга өзгөчө абал режими киргизилди


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн жер титирөөдөн көбүрөөк жабыркаган он аймагында үч айга өзгөчө абал режими киргизилгенин билдирди.

"Өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында өзгөчө абал режими издөө жана куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүү максатында киргизилди. Өзгөчө чаралар куткаруу кызматтарынын жумушчуларына жабыркаган райондорго кирүүгө, ошондой эле каржылык жардам алуусуна мүмкүндүк түзөт", – деди Эрдоган 7-февралдагы телекайрылуусунда.

Президент акыркы маалыматтар боюнча Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 3 500 кишиден ашканын кошумчалады.

Түркияда буга чейинки өзгөчө абал режими 2016-жылы, бийлик "мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети" деп атаган окуялардан кийин жарыяланып, эки жылга созулган. Азыркы өзгөчө абал режими 14-майга белгиленген президенттик шайлоого аз калганда аякташы керек. "Би-Би-Си" бул шайлоодо өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Режеп Эрдоган бийлигин сактап калууга аракет кыларын белгилөөдө.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагында күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жыйынтыгында бул эки өлкөнүн ондогон шаарында көптөгөн имараттар кыйрап, миңдеген киши өлдү.

Зилзалада Сирияда бери дегенде эле 1400 кишинин өмүрүн кыйылып, 3500ү жараат алганын Reuters агенттиги Башар Асаддын өкмөтүнүн маалыматтарына таянып кабарлады.

Миңдеген киши үй-жайсыз калган алааматтан кийинки куткаруу, тазалоо иштери үчүн Түркияга 70 өлкө өз жардамын сунуштады. Алардын арасында Кыргызстан да бар.

XS
SM
MD
LG