Ссылки доступа

Днепрдеги чабуулдан 20дан ашуун киши жабыркады


Орусиянын Днепр шаарына жасаган чабуулунан 20дан ашуун киши жаракат алды. Алардын 15и ооруканада. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

Анын айтымында, чабуул эртең менен элдер көчөдө жүргөн маалда жасалган.

Украина президенти Владимир Зеленский Телеграмга Днепрге жасалган чабуулдун видеосун жарыялады. “Террорист мамлекет украин элине көп азап жана кайгы алып келүүнү чындап эле каалайт”, - деп жазды ал.

17-ноябрга караган түнү Запорожье облусундагы Вольнянск шаарына жасалган ракеталык чабуулдан төрт киши өлдү. Ракеталардын бири 10 киши жашаган эки кабаттуу үйгө тийген. Оручундуу инфратүзүм объектиси жабыркады.

Орус аскерлери Харьков облусунун Изюм районундагы инфраструктураларга да сокку урду.

Акыркы алты күндө орус армиясы Украинага дээрлик 150 жолу ракетадан сокку урган, алардын жүздөн ашууну 15-ноябрга туура келет. 11-ноябрдан бери украин аскерлери 100дөн ашуун абадагы буталарды атып түшүрдү.

XS
SM
MD
LG