Ссылки доступа

Одессага урулган ракеталык соккудан каза болгондор жана жаракат алгандар бар


Одесса шаарына ракета түшкөндөн кийин. Апрель 2022-жыл
Одесса шаарына ракета түшкөндөн кийин. Апрель 2022-жыл

Дүйшөмбү күнү Орусия Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарына ракеталык сокку урду. Ракеталар кайсы жерге түшкөнү так айтыла элек, бирок шаарда бери дегенде эле эки жолу катуу жарылуу болгону угулган.

Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко ракеталык соккудан 13 жаштагы бала каза болуп, 17 жаштагы кыз жаракат алганын билдирди. Ошол эле маалда ал болжолдуу маалыматтар боюнча мындан башка да каза болгондор менен жараат алгандар бар экенин кошумчалады.

30-апрелде Орусиянын ракета менен аткылоосунан Одесса аэропортунун учуп-конуу тилкеси талкаланган. Андан бир жума мурда Орусия тарап атты делген ракета шаар четиндеги турак үйгө түшүп, сегиз киши каза болгон. Алардын арасында үч айлык ымыркай, анын апасы жана чоң энеси болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол эле күнү "таамай тийүүчү" курал менен Одессанын четиндеги аскердик аэродром талкаланганын билдирген.

XS
SM
MD
LG