Ссылки доступа

"Азия-Плюс": Орусиядан тажикстандык студенттер чыгарылууда


Орусияда тажикстандык студенттерди өлкөдөн чыгаруу фактыларынын саны өсүүдө. "Азия-Плюс" билдиргендей, бир нече студент мыйзам бузду деген айып менен негизсиз депортацияланганына даттанган.

Студенттердин бири Мухаммеджон Боев Мичуринск мамлекеттик агрардык университетинде документтерин жаңыртуу максатына Тажикстанга барып, кайра артка кайтканда чек арадан кармалган. Ал камакта үч күн жатканын, аны кордошконун айтты.

"Алар кандайдыр бир кагаздары алып келишип, кол коюуга мажбурлашты. Мен эч жерге кол койгон жокмун. Алар колумду сындырып кое жаздашты. Мен ошол кагаздардын бирине кол койдум".

Тажик жаранынын айтымында, үчүнчү күнү ага Орусия аймагында болууга укугу жок деген документ берилип, өлкөдөн чыгарылган.

Москванын четиндеги соңку теракт үчүн бийлик тажик жарандарын күнөөлөп, Борбор Азиядан келген мигранттарга кысым күчөп, өлкөдө ксенофобия өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG