Ссылки доступа

Орусияда Metа компаниясынын өкүлү сыртынан алты жылга соттолду


Орусиянын Батыш округунун экинчи аскердик соту америкалык Meta корпорациясынын басма сөз катчысы Энди Стоунду сыртынан алты жылга эркинен ажыратты.

ТАСС маалымдагандай, ал "Терроризмди эл алдында актоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Айыптоочу тарап Стоунду жети жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Адвокат кардарын актоону суранды. Юристтин айтымында, экспертиза Стоундун билдирүүсү орус армиясына каршы багытталбаганын аныктаган. Адвокат ошондой эле Стоун башка мамлекеттин жараны экенин белгиледи. Анын айтымында, жактоочу тарап өкүмгө каршы даттанат.

Былтыр күзүндө Орусиянын Ички иштер министрлиги Фейсбук менен Инстаграмга ээлик кылган Meta компаниясынын маалымат катчысы Энди Стоунга федералдык издөө жарыялап, сыртынан камакка алган.

Буга компаниянын “орус баскынчыларына өлүм тилеген” билдирүүлөрдү жазган украиналык колдонуучуларды блоктоодон баш тартканы түрткү болгон.

Компаниянын чечими тууралуу Стоун жарыялаган.

Көп өтпөй Кремль Фейсбук менен Инстаграмды Орусиянын аймагында жаап, Мeta компаниясын “экстремисттик” деп тапкан.

Анткен менен Орусиядагы колдонуучулар аталган социалдык тармактарга VPN аркылуу кирүүнү улантып жатышат.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкан.

XS
SM
MD
LG