Ссылки доступа

Армениянын Коопсуздук кеңеши Азербайжан менен ок атууну токтотуу боюнча макулдашканын билдирди


Армениянын парламент имаратынын алдындагы акция. 14-сентябрь 2022-жыл

Ереван менен Баку ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга келди. Бул тууралуу Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян билдирди.

"Эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен 14-сентябрда саат 20:00дөн тарта чек арада ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жеттик. Азербайжан бул макулдашууну сактайт деп үмүттөнөбүз", – деди Григорян жергиликтүү телеканалдын эфиринде.

Ал учурда Азербайжан менен кол коюуга даярдалып жаткан кандайдыр бир документ же келишим жок экенин кошумчалады.

14-сентябрь күнү күндүз Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен документке кол коюуну пландап жатканын, бул өлкөгө "туруктуу тынчтыкты жана коопсуздукту" кепилдей турганын айткан. Анын бул билдирүүсүнөн кийин Ереванда нааразылык акциялар башталып, анын катышуучулары Пашиняндын отставкасын талап кылышкан. "Азаттыктын" армян кызматы шаар борборуна чогулган бир нече миң киши парламенттин дарбазасын талкалоого аракет кылганын кабарлады.

Нааразылыктар башталгандан кийин Пашинян Азербайжан менен эч кандай документке кол коюу ниети жок экенин айтты. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы ЖМКлар премьер-министрдин сөзүн бурмалап, ал "манипуляциялык түрдө" берилгенин билдирди.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Еревандагы митингдин уюштуруучуларын "бешинчи колонна" деп атаган. "Айрым топтор ички саясий абалды туруксуздаштыруу максатында митингдерди уюштурууга аракет кылып жатышат. Митингдер тылды бекемдөө жөнүндө болбосо, анда алар Арменияга зыян келтирет. Бул топтор түрдүү жерлерден буйруктарды алып, Арменияны алсыздандырууга аракет кылууда", – деген Григорян.

Армения менен Азербайжандын чек арасындагы кырдаал 13-сентябрга оогон түнү күчөгөн. Армениянын Коргоо министрлиги чек арага жакын жайгашкан Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасар шаарлары аткыланганын билдирген. Бул үчүн азери тарап учкучсуз учуучу аппараттар менен минометторду колдонгону жана жарандык объектилерге да сокку урулганы кабарланган. Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү азери-армян мамлекеттик чек арасында"масштабдуу диверсия" жасаганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, армениялык диверсиялык топтор караңгыда азербайжан армиясынын жолуна мина төшөгөн.

Бул кагылышууларда 100дөн ашык армян жана 50 азери аскер кызматкери каза болгону кабарланды.

Армения өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган. Мындан тышкары Ереван Орусиядан аскердик жардам сураган. Баку Ереванга бир тараптуу гуманитардык ок атууну токтотууну сунуштаган.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлүп, 100 миңден ашуун киши качкын болгон же жер которгон.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG