Ок аткан адам дүкөндүн кызматкери деп болжолдонууда. Ал бир канча кишини өлтүргөндөн кийин өзүн да атып салган.
Жергиликтүү полициянын басма сөз катчысы Лео Косински ок аткан кишинин шериги жок экенин айтты.
Walmart кызматкерлери "каргашалуу окуядан нес болуп калышканын", укук коргоо органдарына зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.
АКШнын Виржиния штатынын сенатору Марк Уорнер бул окуяны жийиркеничтүү деп мүнөздөдү. Дагы бир сенатор Луиза Лукас Твиттерге "өлкөдөгү куралдуу зомбулук эпидемиясын токтотууга че