Түркияда жашап жүргөн дагы бир түркмөнстандык активист Нурмухаммет Аннаевдин айтымында, түрк бийлиги жакын арада Нурберды Базаровду Ашхабадга депортация кылышы мүмкүн. Ал азыр Стамбулдун жакасындагы Тузла шаарындагы депортация борборунда кармалып турат.
"Базаров түркмөн бийлигинин өтүнүчү менен кармалган болушу мүмкүн. Эгер ал Ашхабадга жөнөтүлсө, камалып, кыйноого алынышы ыктымал", – деди Аннаев.
Нурберды Базаровду Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана анын уулу, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун саясатын кескин сынга алып келген.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Түркияда жүргөн түркмөн активисттерине жана алардын Түркмөнстандагы жакындарына басым күчөп жатканын эскертип келет. Уюм расмий Ашхабад өкмөттү сынга алгандардын баарына куугунтук жасап жатканын билдирүүдө.
Сентябрда Түркия түркмөн бийлигинин өтүнүчү менен түркмөнстандыктарга визасыз режимди жойгон. Көпчүлүк уюмдар бул кадамды Түркияда жашаган түркмөн укук коргоочуларын мекенине кайтарып, камакка алуу чарасы катары баалашкан.