Ссылки доступа

Украинадагы согушта каза болгон эки тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди


В Таджикистан привезли тела еще двух граждан страны, которые погибли на войне в Украине
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

Украинада Орусиянын аскерлеринин катарында согушуп каза болгон дагы эки жарандын сөөгү Тажикстанга жеткирилди. Алардын бири 36 жаштагы Садик Камбаров 18-июлда каза болгон. Бийлик экинчи жабырлануучунун атын атай элек.

Тажик жарандарынын айрымдары өз ыктыяры менен, кээ бирлери орус паспортун алгандан кийин же орус түрмөлөрүндө отурганда согушка жөнөтүлгөн. Расмий Душанбе бул өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизип жатканын баса белгилеп, чет элдик жаңжалдарга катышуудан алыс болууну эскертет.

2024-жылы Москвада болгон теракттан кийин мигранттарга болгон мамиле кескин начарлап, күч органдары рейддерди жүргүзө баштаган. Кармалгандарга Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү сунушташып, макул болбогондорду депортация менен коркутушууда.

Тажикстан бийлиги Орусиядагы тажикстандыктарды мекенине кайтып келүүгө чакырып, кен байлыктарын казып алуу жана кайра иштетүү тармагында жаңы жумуш орундары ачылганын кабарлоодо.

Тажикстанда жалданмачылык үчүн кылмыш жазасы каралган, бирок тажик жарандарынын бул берене боюнча жоопко тартылганы тууралуу расмий маалымат азырынча жок. Ошол эле учурда Орусияда ксенофобия күчөп, мигранттар дискриминациянын курмандыгына айланууда.

XS
SM
MD
LG