Ссылки доступа

Тажикстанда "Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу тогуз киши кармалды


Тажикстанда "Крокус Сити Холлдогу" терактка шектүү катары кармалгандарга жана "Вилаят Хорасан" экстремисттик тобуна байланышы бар делген тогуз киши кармалды. Бул тууралуу Reuters жана РИА "Новости" агенттиктери өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлашты

Маалыматка караганда, алардын баары Вахдат шаарында кармалып, баш калаа Душанбеге жеткирилди. РИА "Новости" агенттиги кармоо операциясына Орусиядан барган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да катышканын жазды.

Буга чейин Тажикстандын тиешелүү органдары орусиялык тергөөчүлөр менен бирге Москвадагы куралдуу кол салууга шектелип кармалгандардын жакындарын суракка алып жатышканы кабарланган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылган. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин аткылоосунан, андан кийин башталган өрттөн каза болушкан. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан бергени кабарланды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кол салуудан 551 адам жараат алган.

Бул теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алды. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши - Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов "терактты ишке ашырууга" шектелип, эки айга камалды. Алардын баары сотко кыйноонун издери менен алып келинген. Төртөө тең Тажикстанда туулуп-өскөнү белгилүү болду.

Мындан тышкары сот кол салууга байланышы бар деген шек менен ага-ини Аминчон жана Диловар Исломовдорду, алардын атасы Исроилди камады. Ошондой эле теги кыргызстандык Орусиянын жараны Алишер Касимов да кармалды.

"Вилаят Хорасан" - "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы жана Пакистандагы канаты болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG