Шектүү – жергиликтүү полициянын мурдагы кызматкери. Ал пистолет жана бычак менен куралданган. Бала бакчага ал балдар уктап жатканда кирип барган. Мындан соң аялы менен үч баласын да өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Кол салуунун себеби белгисиз.
Шектүү полициядан маңзат колдонгону үчүн кеткен. Таиландда маңзат колдонуу – кылмыш.
2020-жылы февралда Таиланд армиясынын жоокери өз командирин жана чогуу кызмат өтөгөн эки аскерди атып, андан соң соода борборуна барып, ал жерде 26 кишинин жанын кыйган. Аны полициянын атайын бөлүгү атып өлтүргөн.