"Аба кемелеринин экипаждары, авиадиспетчерлер жана аэропорттордун тиешелүү кызматтары учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Бул азыр эң башкы приоритет", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Росавиация учуулардын токтотулушунун себептери боюнча башка эч кандай маалымат берген жок.
Орус бийлиги адатта аэропорттордун ишин дрондордун чабуулу учурунда убактылуу токтотуп келет.
"База" телеграм каналынын маалыматына караганда, 15-майда Татарстанда бир дрон атып түшүрүлгөн.
Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастап, аймакта Украинанын "учак тибиндеги" учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан бери Татарстан 2024-жылы апрелде алгачкы жолу дрондордун чабуулуна кабылган. Анда учкучсуз учуучу аппараттар "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагындагы жатаканага жана Нижнекамск шаарындагы мунай иштетүү заводго сокку жасаган.