Ссылки доступа

Тбилисидеги акция учурунда 60тан ашык киши кармалды


Грузиянын Ички иштер министрлиги "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзамга каршы акциянын 63 катышуучусу кармалганын билдирди. Нааразылык жүрүшү 30-апрелде, Тбилисиде парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жаткан маалда болду.

Борбордук Руставели көчөсүнө жана парламент имаратынын алдына миңдеген адам чогулду. Айрым эсептерге караганда, акцияга 15 миңдей киши келген.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды суу, желим октор менен аткылап, калемпир газын чачып таркатышты. Социалдык тармактарда атайын күчтөр митингдин катышуучуларын сабаган видео да пайда болду. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алты полиция кызматкери жабыркаган. Демонстрация маалында "Бириккен улуттук кыймыл" оппозициялык партиясынын төрагасы Леван Хабеишвили да катуу сабалган.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили демонстранттарды колдоду.

"Тбилисиде тынч демонстранттарга каршы таптакыр негизсиз күч колдонуу уланууда. Жоопкерчилик толугу менен өкмөттө. Грузин эли тынч митинг өткөрүү укугунан ажыратылды", - деп жазды ал Twitter баракчасына.

Таңга жуук күч түзүмдөрү парламенттен чегиништи. Митингчилер спецназдын катаал аракеттерине карабай, таштандыларды тазалоо үчүн көчөдө калышты.

Депутаттар долбоорду экинчи окууда толук кароого үлгүрүшкөн жок. Ал 1-майда уланат.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген "чет элдик агент" мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы каршы чыккан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

29-апрелде "Грузин кыялы" мыйзам долбоорун колдоп ири акция өткөрдү. Анда сөз сүйлөгөн миллиардер, экс-премьер жана "Грузин кыялынын" негиздөөчү Бидзина Иванишвили чет элдик чалгын кызматтарын өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады.

Эгер мыйзам кабыл алынса, чет өлкөдөн каражат алгандар "чет элдик агент" катары каттоодон өтүшү керек болот.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG