7-август күнү таңкы саат сегизде акимчиликтин алдына жүздөгөн адамдар, негизинен аялдар чогулушту. Алар февраль айынан бери тамак-аштын, анын ичинде ун менен майдын жоктугуна нааразы болушуп, акимдин сыртка чыгып сүйлөшүүсүн талап кылышты.
«Администрациянын кызматкерлери жетекчи жок экенин, райондорду кыдырып жүргөнүн кабарлашты. Бирок эл күтө албасын, түз эле Авазага барып, деңизде эс алып жаткан президентке даттанышарын айтышты», - деди кабарчы.
Учурда өлкө жетекчиси Түркмөнбашы шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Авазада эс алууда. Президент Сердар Бердымухамедов курорттук шаарга 5-августта келген.
Митингчилер президенттин эс алуучу жайына чейин жөө жүрүшкө чыгабыз деп коркуткандан кийин, иш ордунда жок экени кабарланган аким бөлмөсүнөн чыгып, жаалданган элди тынчтандырууга аракет жасады.
Аким мамлекеттик дүкөндөрдө арзан нан сатууну чектөө менен болсо да уюштурууну, ошондой эле жеке сектордогу бааларды көзөмөлдөөнү убада кылды.