Ссылки доступа

Түркмөнстан: жарандар камактагы жакындарын мунапыс менен эркиндикке чыгаруу үчүн пара беришкен


Түркмөнстанда жарандар камактагы жакындарын Эгемендик күнүнө карата жарыяланган мунапыс менен эркиндикке чыгаруу үчүн прокурорлорго жана тергөөчүлөргө 1000-2000 доллардан пара беришкенин билдиришти.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы бул боюнча түркмөн бийлигине кайрылып, бирок комментарий ала алган эмес.

Түркмөнстанда 27-сентябрда белгиленген Эгемендик күнүнө карата жарыяланган мунапыс менен камактагы 829 адам, анын ичинде төрт чет өлкөлүк эркиндикке чыгары айтылган.

Бул Түркмөнстанда жаңы президент Сердар Бердымухамедов кол койгон мунапыс тууралуу экинчи жарлык. Быйыл апрелде түркмөн лидери Кадыр түнгө карата мунапыс жарыялап, камактагы 514 киши эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG