Ссылки доступа

Түркмөнстанда жеңилдетилген баадагы ун 250%, нан 150% кымбаттады

Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө жеңилдетилген баадагы ун менен нан кескин кымбаттады. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

"Мамлекеттик дүкөндөрдө буга чейин бир килограммы бир манаттан сатылып жаткан ун 3 манат 50 теңгеге чейин кымбаттады. Мындай баадагы ун текчелерде 12-февралда пайда болду", – деп билдирди радионун Ашхабаддагы кабарчысы.

Анын айтымында, нан баасынын 150%, ун баасынын 250% жогорулашы менен дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр жок болуп калды.

"Жашоочулардын көбү эми жаңы баа менен нан же ун сатып алуунун алдында ойлонуп калышты. Алар буга чейин башка азык-түлүктү үнөмдөө үчүн эртең менен көбүрөөк нан жегенге аракет кылып келишсе, эми нанды да үнөмдөп жеп калышканын айтып жатышат", – деди кабарчы.

Ашхабаддын тургундары ун менен нандын кымбатташы мүмкүндүгү жөнүндө бийлик да, дүкөндүн жумушчулары да алдын ала эскертишпегенин билдирүүдө.

Акыркы алты жылдан бери Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдө калкка ун жеңилдетилген баада – бир килограммы 1 манаттан сатылып келген. Мындай баа менен ар бир адам айына 5 килограммга чейин ун сатып алууга укуктуу болгон. Жеңилдетилген баадагы нан бир кишиге күнүнө 2-3төн гана сатылат.

Акыркы жылдары өлкөдөгү мамлекеттик дүкөндөр жеңилдетилген баадагы азык-түлүктөрдү өз учурунда жетиштүү өлчөмдө бөлүштүрө албай калган. Көпчүлүк учурларда азык-түлүктөр каалоочулардын баарына жетпей, дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр көбөйгөн.

Өлкө бийлиги калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда көйгөйлөр бар экенин мойнуна албай келет. Меселени чечүүнүн ордуна кезек күтүп турган жарандарды видеого тартып, алардын нормадан ашык нан сатып албашына көз салып келет.

​
XS
SM
MD
LG