Булактардын айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Анын ден соолугунун начарлашына түркмөн бийлигинин тынымсыз басымы менен куугунтугу себеп болгон.
35 жаштагы журналисттин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кёнеургенч шаарында жерге берилди. Анын артында жубайы жана эки кичинекей баласы калды.
Аллашов "Азаттык" менен 2016-жылы кызматтагып, жарандарды пахта теримге мажбурлап чыгаруу, азык-түлүк жетишсизди жана мамлекеттик кызматкерлердин маянасынын кечиктирилип жатканы сыяктуу көйгөйлөр жөнүндө жазган.
Декабрда укук коргоо органдары анын аталган радио менен кызматташарын билип, апасы экөөнү насвай сактоо боюнча жалган айып менен камакка алышкан.
Анда эне-бала жергиликтүү полиция бөлүмүндө кыйноого алынганы кабарланган. Мындан тышкары Мамлекеттик коопсуздук кызматы журналистин жубайы Эжеш Аразгылыжеваны да суракка чакырган.
Чет өлкөлүк дипломаттардын жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Аллашов менен апасы 2017-жылы февралда бошотулган. Бирок Түркмөнстандын мыйзамдарында насвай сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок экенине карабастан, сот аларды шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыраткан.
Аллашов эркиндикке чыккандан кийин "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташтыгын токтоткон. Бирок укук коргоо органдарынын ага карата куугунтугу улана берген. Мамлекеттик коопсуздук жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери жуналисттин Дашөгүздөгү үйүнө тез-тез каттап, эч себепсиз эле аны коркутуп кетип турушкан. Мындай учурлар өзгөчө "Азаттыктын" түркмөн кызматы Дашөгүз облусундагы окуялар жөнүндө макала чыгарганда көп кайталанып келген.
2019-жылы октябрда Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аны кезектеги жолу кармап кетип, бир нече саат кыйнап, ур-токмокко алышкан. Ошол эле күнү кечинде журналисттин стресске кабылган апасы өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин ал жүрөгү кармап каза болуп калган.
Өткөн жылы май айында жергиликтүү акимчиликтин аткаминери Аллашоев менен анын жубайын катуу сабап, Эжеш Аразгылыжева ооруканага жеткирилген. Журналист өзү да медициналык жардамга муктаж болуп, дарыгерлерге кайрылган.